Казак күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Бегайым Бейшеналы кызы Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, спортчу 60 килограммга чейинки салмакта катышкан. Финалдык беттеште грузиялык балбанды жеңип, 1-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышууда.
Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.