Бүгүн, 27-октябрда "Апам кайра студент" аттуу тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасмада адамга болгон ишеним, сүйүү, кандай гана учур болбосун бири-бирин колдоо жана ар кандай оор кырдаалды бакытка жана күлкүгө алмаштыруу менен сүрөттөлгөн.
Аталган тасманын режиссёру Регина Суранованын айтымында, негизинен кыргыз тасмаларын көп учурда эркек режиссёрлор тарткандыктан көптөгөн тасмаларда аялдын ролу жакшы берилген эмес. Ошол себептен ал аялга басым жасап ушул тасманы тарткан.
Тасманын башкы каарманы - Бишкектеги Ынтымак-2 паркында ырдап жылдызы жанган Бегимай Турусбекова. Ал биринчи жолу тасмага тартылгандыгы тууралуу айтып, өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.
"Бул мен тартылган алгачкы тасма. Буга чейин мага эки-үч жолу тасмага тартылууга сунуштар түшкөн. Бирок мен алардан баш тартып койгом. Бирок эмнегедир ушул киного тартылуу буйруган экен", - деди тасманын башкы каарманы.
Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.