Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжандын Баку шаарында өтө турган театр фестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымнтка ылайык, иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган. Чыгармачылык топ бүгүн, 29-октябрда Бакуга сапар алышты. Алар Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Күн кармаган бала " спектакли менен катышат.
Эскерте кетсек, аталган спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалында баш байгени багындырган.