Кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия ) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга татыды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 71 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат.
Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, жиу-житсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты. Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.