Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжандын Баку шаарында өтө турган театр фестивалына катышат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.
Кечээ, 29-октябрда театрдын артисттери Бакуга сапар алышкан.
Чыгармачылык топ Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектакли менен катышат.
Эскерте кетсек, аталган спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалында баш байгени багындырган.