Быйылкы "Алтын топту" кайсы футболчу алары айтылды

Бүгүн, 30-октябрда Парижде жылдын мыкты футболчусуна сыйлык тапшыруу аземи болот.

Анын алдында белгилүү инсайдер Николо Скира быйылкы "Алтын топ" сыйлыгы америкалык "Интер Майами" клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Мессиге берилерин жазды.

"Бүгүн Лионель Месси 2023-жылкы "Алтын топту" алат. Бул анын сегизинчи сыйлыгы болот", - деп жазды ал.

Месси буга чейин бул сыйлыкты 7 жолу уткан. Бул рекорддук көрсөткүч. "Алтын топтун" саны боюнча экинчи орун Криштиану Роналдуга таандык, анын 5 сыйлыгы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан