Футболчу Эдгар Бернхардт эми "Ак шумкарларга" машыктыруучу болду

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Эдгар Бернхардт эми улуттук курамага машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Бернхардт башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин жардамчысы болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, Эдгар Бернхардт 2022-жылга чейин "Ак шумкарлардын" курамында ойногон. Ал жарым коргоочу болчу. Футболчу Кыргыз курамасында жалпы 41 беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан