Кытайдагы Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке келишти

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештен алдыңкы орундарды багындырган спортчуларды маданият министри Алтынбек Максутов жана алардын жакындары тосуп алышты.

"Пара спорт – биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Кыргызстанда башка спорттун түрлөрү менен бирге пара спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясат болуп саналат. Спортчулардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечилишине мамлекет тарабынан көптөгөн аракеттер жасалып жатат. Пара спорттун өнүгүшү, Сиздердин жеңишиңиздер балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын спорт оюндарына кызыгуусун арттырууга чоң түрткү берет.

Биздин спортчулар жана пара спортчулар эл аралык ареналарда өлкө намысын татыктуу коргоп, жыл сайын жеңиш менен келе жатасыздар. Олимпиадаларда, Дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде өлкөбүздүн желегин дагы да желбирете бериңиздер" ,- деди министр өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

Парадзюдо боюнча 48 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан