Футбол: Кыргызстан Малайзия жана Оман менен беттешет

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзия жана Оманга каршы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалымдалгандай, оюндарды утурлай команданын кеңейтилген курамы белгилүү болду.

Малайзияга каршы беттешке даярдык көрүү үчүн кыргыз футболчулары 9-15-ноябрь күндөрү Куала-Лумпурда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Оюндарга болгон акыркы курам аталган жыйындан кийин жарыяланат.

Оманга каршы беттешке “Ак шумкарлар” 18-20-ноябрь күндөрү Бишкекте даярдык көрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан