Өлкөдө Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт

17-21-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Сыйлыктардын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы “Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн” сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн калыстар тобунун сыйлыгы (ФИПРЕССИ), NETPAC калыстар тобунун байгеси, Кинематографисттер союзунун сыйлыктары берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан