Кызсайкал Кабылова: "Туулган күнүм менен биринчилерден болуп кайненем куттуктады"

Бүгүн, 31-октябрда өздүк майрамын эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, бул жылы өздүк майрамын жылдагыдай белгилебей турганын билдирди.

"Жыл сайын туулган күнүмдү дүңгүрөтүп, элдин баарын чакырып белгилечү элем. Быйыл биринчи жолу белгилебей жатам. Биринчилерден болуп апам (кайненем) куттуктады. Андан кийин кайним, жолдошум, ата-эне, бир туугандарым улантышты. Маанайым сонун. Түнкү 12ден бери менин дарегиме мыкты каалоо-тилектер айтылып жатат. Учурдан пайдаланып ар бирине ыраазычылык билдиргим келет. Кичинекей кезимде туулган күнүм менен куттуктап келген коноктордун белектерин карап, жакса үйгө киргизип, жакпаса киргизбей койчумун. Жакындарым бүгүнкү күнгө чейин ошону эстеп күлүп калышат", - дейт ырчы.

Былтыркы жылдын 24-ноябрында Кызсайкал турмушка чыгып, Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт тою өткөн.

Кызсайкал Кабылова 1999-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал "Кусалык", "Мен болоюн", "Ажырасак" жана башка ырлары менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан