Хабиб Нурмагомедов 30 миллион доллардан баш тарткан. Ал чечимин түшүндүрдү

Жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов миллиондогон гонорардан кантип баш тартып, карьерасын жыйынтыктаганын айтып берди.

35 жаштагы мушкер 2020-жылдан бери октагонго чыга элек.

"Атам 3-июлда каза болуп, андан үч жума өткөндөн кийин апам экөөбүз сүйлөшүп, менин карьерамды токтотууну чечкенбиз. Ошол учурда бул тууралуу апам экөөбүз гана билгенбиз. Мен Дана Уайтка өзүм кат жазып, даяр экенимди айттым. Ошондо апам экөөбүз гана бул менин акыркы чечимим экенин билдик. Башка эч ким билчү эмес, эч кимге айткан эмесмин.

Дүйнөдөгү эң мыкты мушкер болгонуңузда, энергияңыз толуп, акчаңыз менен атак-даңкыңыз болгондо, мунун баарынан баш тартуу өтө кыйын. 20 же 30 миллион долларга жок деп айтуу оңой эмес, бирок жеке мен үчүн булардын баары биринчи орунда эмес.

Бул эң маанилүү нерсе эмес. Бул оңой чечим болгон жок, бирок мен аны кабыл алгандан кийин чечимим акыркы болуп калды", - деди Хабиб Нурмагомедов UFC уюмуна берген маегинде.

Хабиб Нурмагомедов акыркы беттешинде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини жеңип, октагондон карьерасын жыйынтыктаганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан