Кыргызстандык спортчулар универсалдуу мушташ боюнча Дүйнө чемпионатында 4 медаль утту. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Универсалдуу мушташ федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, UNIFIGHT версиясы боюнча чемпионат үстүбүздөгү жылдын 26-31-октябрь күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн.
Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 4 коло медаль бар:
- Сыймык Тенти уулу (70 килограмм);
- Жеңишбей Мамбетов (75 килограмм);
- Нурбек Айдаров (80 килограмм);
- Азат Иманкулов (100 килограмм).