Бүгүн, 1-ноябрда тамашоучу, шоумен Актан Рыскелдиев кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Сүйүнчү, туугандар. Кыздуу болдум. Кырк жылкы", - деп жазды ал.
Актан Рыскелдиев жубайы экөө буга чейин 3 уулдуу тарбиялап келишкен.