Азия чемпиондугунда кыргызстандык үч мушкер финалга чыкты

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын үч мүчөсү Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Маалымдалгандай, Амантур Жумаев 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайдын мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште япониянын мушкери жеңген. Алтын медаль үчүн беттеште казакстандын спортчусу менен күч сынашат.

Ошондой эле 57 килограммга чейинки салмак категориясында Дилербек Садиров 1/4 финалдык беттеште ирактын мушкерин жеңсе, жарым финалдык беттеште таиланддын спортчусун уткан. Финалдык беттеште ал индиянын мушкери менен күч сынашат.

63 килограммга чейинки салмакта Арваз Ахамди чейрек финалдык беттеште индиянын мушкери утса, жарым финалдык беттеште ирактык спортчуну жеңди.

Белгилей кетсек, 66 килограммга чейинки салмакта катышкан Рамазан Исаев жарым финалдык беттеште Казакстандын мушкерине жеңилип, 3-орунду ээледи.

Финалдык беттештер 2-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан