Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду.
Бүгүн, 1-ноябрда Кант шаарында "Абдыш-Ата" клубу менен Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубдары беттешкен. Оюн 1:0 эсебинде канттык клубдун жеңиши менен аяктаган.
Жыйынтыгында "Абдыш-Ата" клубу 26 оюнда 54 упай топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду камсыздады. Башка командалар жеңишке жетсе дагы упайы менен "Абдыш-Ата" клубуна жете албайт.
Экинчи орунда 49 упайы менен "Дордой" клубу келе жатат. Ал эми Оштун "Алай" командасы 48 упайы менен үчүнчү орунда. Бул командалар да 26дан беттеш өткөрүштү. Акыркы турда командалар күмүш жана коло байге ээлерин аныкташат.