Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү, спортчу Вадим Баурин Астанадагы Азия чемпионатында 71 килограммга чейинки салмак ченинде финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Эртең, 3-ноябрдагы финалдык беттеште алтын медаль үчүн күчүн жумшайт. Анда кыргыз мушкери казакстандык спортчу менен кез келет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.
Белгилей кетсек, 80 килограммга чейинки салмакта Мухамед Дурсунов, 86 килограммга чейинки салмак ченинде Азим Чойбеков жана 92 килограммга чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев коло медалга ээ болушту.