Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда (U-16) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда Кытайдын мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалда япониянын мушкерин жеңген.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Казакстандын мушкерин утуп, Азия чемпиону болду.