Мушкер Дилербек Садиров менен Арваз Ахмади Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду

Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Дилербек Садиров жана Арваз Ахмади Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш байгени багынтышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

"57 килограммга чейинки салмакта катышкан Дилербек Садиров алтын медаль үчүн беттеште индиянын мушкерине жеңилип калды. Ал эми 63 килограммга чейинки салмакта Арваз Ахмади финалдык беттеште түркмөнстандык мушкерге жеңилип, күмүш медалга ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 66 килограммга чейинки салмакта Рамазан Исаев коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле кыздар арасында 50 килограммга чейинки салмак категориясында Айсезим Кушубекова, 57 килограммга чейинки салмакта Зарина Курбанова жана 63 килограммга чейинки салмак ченинде Арууке Камытбекова коло медалга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан