Кыргызстандык спортчу Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу шахбокс федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, спортчу Түркия, Франция жана орусиялык спортчулар менен кез келген.
Дүйнө чемпиондугу Италия өлкөсүнүн Риччоне шаарында 28-октябрда башталган. Ал эми бүгүн, 3-ноябрда жыйынтыкталат.