Бишкекте дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү (фото)

Кечээ, 3-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Мюнхендеги дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана Асанкан Жумакматовдун жакындары катышты.

Салтанаттуу кечени Кайрат Иманалиев ачып, Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде белгилөө боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкканын, ага ылайык жыл ичинде атактуу дирижердун 100 жылдыгына байланышкан бир катар маанилүү иш-чаралар өткөнүн белгиледи.

Ал эми Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Эл жазуучу Чыңгыз Айтматов өз учурунда Асанкан Жумакматовду “Классикалык музыканын падышасы” деп таамай айтканын белгилеп, А. Жумакматовдун өмүр чыграмачылыгы, нарктуу жолу тууралуу сөз кылды.

Андан соң иш-чара А. Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри жана К. Орозовдун атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосундагы концерт менен уланды.

Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусу менен Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата Оркестр коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өткөн. Жакында эле А. Жумакматовдун туулуп-өскөн айылында анын 100 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарасы болуп өттү. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда А. Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган концерт- конференция уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-04 22:43:00
А.ЖумаКматов --- А.ЖумаХматов???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан