“Күн кармаган бала” – Бакуда өткөн кароодо баш байгени багындырды

Кыргыз Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин калемине таандык “Күн кармаган бала” аттуу чыгарманын негизиндеги спектакль Баку шаарында өткөн эл аралык маанидеги театралдык фестивалда баш байгени жеңди. Бул тууралуу Азербайжандын “Адабият жана искусство” сайтында маалымдалды.

Спектаклди режиссёр Уланмырза Карыпбаев Султан Раевдин “Күн кармаган бала” аттуу чыгармасынын негизинде иштеп чыккан.

Азербайжандын “Адабият жана искусство” порталынын жазуучусу Айсел Фикрет аталган чыгарма боюнча төмөнкүдөй пикирин жазып чыкты:

“Түрк тилдүү мамлекеттердин арасындагы маданий алака барган сайын гүлдөп барат. Биздин өлкөдөгү (ред: Азербайжан) сандаган маданий иш-чараларга күбө болуу мени абдан кубандырууда. Анткени бул өңдүү иш-чаралар менен бир тууган элдердин маданий байланышын бекемделүүдө. Буларды ишке ашырууда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун орду чоң.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган I Эл аралык театралдык фестивалда Кыргызстандын Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан сахналаштырылган “Күн кармаган бала” аттуу спектаклди көрдүм. Бул драмалык чыгарма Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин калемине таандык экенин кошумчалагым келет.
Кызык, күндү кантип кармоого болот? Күн – биздин ичибиздеги акыйкаттык. Ал сүттөй таза болууга тийиш. Анткени таза адам гана акыйкаттыкты көрө алат.
Мен спектаклди көрүп, бир күн бою анын таасиринде жүрдүм. Чыгарманын жаралышы мени абдан таң калтырды.
Кыргыз тилин түшүнбөй кыйналсам да, актёрдук чеберчилиги күчтүү таланттар, дасыккан режиссёрдун иши мага жаңы дүйнөнүн эшигин ачты. Чыгармада совет доорунда жашаган адамдын жан дүйнөсүнө жат келген башка идеологияны алып жүрө албаганы баяндалат. Түрк мамлекеттеринин азап-тозогу, алардын жашоосунда оору сыяктуу пайда болгон бөтөн коомдун таасири туюлат. Ал кезде төрөлгөн ар бир наристе – анын дүйнөсү эмес экенин каны менен, башкача айтканда, генетикалык кодунда сезип турду. Энелер балдарына түрк тукумунун канчалык күчтүү экенин бешик ырлары аркылуу кулагына куюшту. Спектакль – баарыдан мурда драмалык чыгарманын күчүнөн көз каранды. Муну баарыбыз билебиз. Султан Раев – укмуштуудай драматургиялык чыгармасы аркылуу окурмандарына ой-пикирин толук жеткире алган. Анын сахналаштырылышы – өзүнчө бир сыйкырдуу дүйнө.
Чыгармада совет доорунда алыскы айылдардын биринин жашоочуларынын окуясы баяндалат. Мында автор жеке каармандар аркылуу доордун картинасын түзүп берген. Анда мекемени башкаруу, партиянын катарына кирүү жолдору, кымбат креслолордо чындап эле кандай өзүм билемдик болуп жатканы тууралуу сөз болот. Түрк элинин жана дыйкандардын башынан өткөргөн адилетсиздиктин бети ачылат. Жазуучу жараткан каармандардын ар бири өзүнүн сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму менен окурманына кабар берет. Чыгармада көрсөтүлгөн бардык окуялардын артында бир маани, ойго түртүүчү жагдай бар. "Ушул режимдин тушунда талкаландым, жок болдум" жана башка.
Менин көңүлүмдү өзүнө бурган жагдайлардын бири - чыгармадагы байкуш аялдар болду. Укугу корголбогон аялдар зомбулукка, кыйноого кабылган.
Күндү кармоого умтулган баланын образы майып катары чагылдырылган. Бул да ошол доордун жандуу картинасы сыяктуу.
Түрк эли эч качан түпкүлүгүнөн танбайт. Совет доору гана айрым жагдайларды өзгөртө алды. Чыгармада ошол мезгил чагылдырылган. Майып, мээримдүү бала – зордукталган эненин таштап кеткен мөмөсү. Ошол наристени алып, өз баласындай чоңойткон эне да убагында адашкан аял. Дагы бир зулумга кабылган эне. Мына ушул эки эненин образы, аруулуктун символу болгон мээримдүү бала жүрөгүмдү сыздатып, көзүмдөн жаш тегеретти. Майып балага болгон сүйүү – бардык энелердин атын аздектеген улуулук.
Спектакль –заманасы куурулган учурда күндү унутпаган адамдар жөнүндө баяндайт. Чыгармадагы эне менен баланын образы – сүйүү менен азапка карай жол экени талашсыз.
Режиссёрдун иши абдан мыкты. Чыгармадагы бардык окуяларды театрдын тили менен сүйлөтүп, бардык пункттарды дыкат иштеп чыкканы байкалат.

Мен жүздөгөн спектаклдерди көрүп келем. Театр – хроника эмес, театр өзүнчө бир дүйнө. Режиссёрдун чеберчилиги мына ушунда: чыгармадагы көз ирмемдерди көрүүчүлөрлөргө чарчатпай жеткирген. Бул жагынан «Күн кармаган бала» спектаклиндеги режиссёрдун эмгегин жогору баалайм.
Ал эми актёрдук чеберчиликке келсек, “колхоздун председатели” деген каарман бар. Ал өз ролун мыкты ойногон жана Кудайга жалынуу өмүр бою жасаган күнөөлөрдү жууйт деп ойлойт. Чыркыраган чындык үчүн күрөшүп, өлтүрүлгөн Жусуптун образы да кайдыгер калтырбайт. Ал чындыкты издеген каарман. Спектаклдеги урунттуу учурлардын бири: Майып баланы баккан эненин каза болушу. Бала анын өлүмүн кабыл ала албайт. Апасы аны мээрим төгүп жуунтуп, өзүнө суу чачып жаткан элестер көз алдына тартылат, баланын өзү менен өзү сүйлөшкөн ирмеми болду.
Өзгөчө кыргыз тилинде ырдалган ырлар көңүлүмдү бурду. Бул ыргактар кулагымда али да жаңырып турат. Мен ырлардын обонунда кандай муң катылып жатканын аңдай алдым. Спектакль - Советтер Союзу жараткан бул таштанды жашоону жерден алып тазалап, күндү көздөй жөнөгөн адамдардын жүрүшү менен аяктайт. Ал эми бала болсо коомдун кысымында кала берет. Качан бардык дүйнө аруулангандан кийин гана күндү кармай алат.
Күндү кармоого аракет кылып, табитиме туура келген спектаклди көрүп, сиздер менен бөлүшкүм келди. Күн – биздин ичибиздеги чындык.
Күн менен бирге болуңуз!” – деп жазылат Айсел Фикреттин пикиринде.

Эскерте кетсек, аталган спектакль 2023-жылы Бишкекте "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан