Ырчы-комузчуларга республикалык кароо-сынак жарыяланды

Ырчы-аткаруучуларга жана комузчуларга республикалык кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Сынак залкарлар Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине арналат.

Кароо-сынак тууралуу маалымат:

  1. Ырчылар арасындагы сынакта жаш-курагы жана курамы чектелбейт;
  2. Сынак эки багытта ырчы аткаруучулар жана комузчулар арасында өтөт.

Кароо-сынак 3 баскычтын негизинде ишке ашат:
I баскыч – райондук деңгээлде (Кыргыз Республикасынын бардык шаардык жана райондук маданият үйлөрүндө 20-ноябрга чейин уюштурулуп, жеңүүчүлөр II баскычка жолдомо алат);
II баскыч – республикалык тандоо кароо-сынактын 2-туру облустук деңгээлде:

  • Нарын, Ысык-Көл облусунун катышуучулары үчүн 2-тур 22-ноябрда Балыкчы шаардык маданият үйүндө;
  • Талас облусунун катышуучулары үчүн 2-тур
    24-ноябрь күнү К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында;
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун катышуучулары үчүн 2-тур 27-ноябрда Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында;
  • Чүй, Бишкек шаарынын катышуучулары үчүн 2-тур 29-ноябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өткөрүлөт.
    III баскыч – Финалдык тур Бишкек шаарында 30-ноябрь күнү өтөт.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан