Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 213-чакырымында жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 15-декабрда саат 20:10 чамасында катталган. Анда Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү унаа менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыркагандарга Кочкор райондук Куткаруу кызматы тарабынан жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.