Кыргызстандык спортчулар Алмаз Сманбеков менен Алибек Осмонов Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын медаль утушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, алар Казакстандын Тараз шаарында өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту.
Сманбеков 57 килограммга чейинки салмакта катышса, Осмонов 70 килограммга чейинки салмакта беттешке чыккан.
Белгилей кетсек, Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү өттү.