Алина Жетигенова: "Быйылкы туулган күнүмдүн өзгөчөлүгү - Таласта өтүп жатканы"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова бүгүн, 6-ноябрда 59 жашын белгилөөдө. Ал туулган күнүн үй-бүлөсүнүн, жакындарынын курчоосунда өткөрүп жатканын SUPER.KG порталы байланышканда билдирди.

"Бул күндү үй-бүлөм жана жакындарымдын курчоосунда тосуп жатам. Быйылкы туулган күнүмдүн өзгөчөлүгү - туулган жерим Таласта өтүп жатканы" дейт ал.

Ырчы айым 1964-жылы 6-ноябрда Таластын Арал айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" тобунда иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.

1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" аттуу эстрадалык топ ачылып, Алина Жетигенова Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова менен биргеликте иштеп калган. Ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры ошол убакта чыккан. Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз өзүнчө "Айчүрөк", "Динара", "Алина" деген топторду ачышкан. 2011-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Анын “Жаз”, “Таалайым”, “Сүйөм сени”, “Ак кайың”, “Көйрөң жигит” аттуу ырлары да элдин сүймөнчүгүнө айланган.

6-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан