Өлкөнүн белбоо күрөшү боюнча курамасы эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Орусиянын Казань шаарында 2-5-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 12 мамлекеттен келген спортчулар катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

• Нурданбек Курманбек уулу (57 килограмм);
• Толубай Шүкүров (62 килограмм);
• Калысбек Каюмов (68 килограмм);
• Молдобек Муратбек уулу (75 килограмм);
• Мыктыбек Өмүрзак уулу (82 килограмм);
• Болотбек Туратов (90 килограмм);
• Сыймык Чубак уулу (100 килограмм);
• Тилек Куралов (+100 килограмм).

Курам Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан