Чемпиондор Лигасы: "Барселона" сенсациялуу түрдө утулуп калды (видео)

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 4-турдук оюнунун алкагында украиналык "Шахтёр" командасы каталондук "Барселона" клубун сенсациялык түрдө жеңип алды.

Беттеш Гамбургда бейтарап талаада өтүп, 1:0 эсебинде "Шахтёрдин" жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду 40-мүнөттө Даниил Сикан киргизди.

Белгилей кетсек, бул "Барселонанын" тайпалык баскычтагы алгачкы жеңилүүсү. Буга чейин Хави Эрнандестин командасы үч оюнда катары менен жеңишке жетишкен. Ошентип, төрт оюндан кийин «Барселонада» тогуз упай бар, ал эми «Шахтёр» бул жеңиштин аркасында алты упайга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан