Ырчы Кызсайкал: "Кайниме тасмага тартылууга сунуш түштү. Катуу даярданып жаткан чагы"

SUPER KG порталынын кезектеги эксклюзивдүү маеги ырчы Кызсайкал Кабылова жана анын кайниси Бектур Казаков менен болду. Анда Кызсайкал жеңе-кайнинин мамилелери, кызыктуу окуялары жана чыгармачылыктагы жаңылыктары тууралуу айтып берди.

Кызсайкал кайниси Бектур экөөнүн мамилеси тууралуу айтып, аны жаш чагынан бери тааный тургандыгын кошумчалап, ар дайым ага үй жумуштарына жардам берерин кошумчалады.

"Мен жаңы келин болуп барганда келиндик кыйынчылыкты сезген жокмун. Анткени кайним Бектур ар дайым жардам берип жанымда болду. Баары оңой болду. Учурда да ар дайым жанымда. Тойлорго барганда чогуу барабыз. Көпчүлүк ойлойт экен "байкеси кызганып жанына кошуп берип коёт" деп. Бирок андай эмес. Мен кайним менен жакшы тил табышкандыктан ар дайым жаныма алып жүрөм. Учурда кайниме киного сунуш түшүп, катуу даярданып жаткан чагы. Мен кайнимдин элпектигин аябай баалайм. Жумушту жакшы жасайт", - деди ырчы Кызсайкал.

Ал эми ырчы айымдын кайниси Бектур жеңеси тууралуу айтып өттү.

"Мен негизинен 6-класстан бери үй жумуштарын жасап келчүм. Жеңем жаңы келин болуп түшкөндө эч нерсе жасай албайт деп ойлогом. Бирок жумуштун баарын укмуш жасайт экен. Азыр деле жеңеме үйдүн бардык жумуштарына жардам берем. Ар дайым бири-бирибизге жардам берип, колдоп турабыз", - деди Бектур.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан