Акыркы сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 6 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдү өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.