Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасындагы Марсель Исламкуловдун ордуна Кутман Кадырбеков чакырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыктыруучулар штабы Марсель Исламкуловдун ордуна командага “Абдыш-Ата” клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбековду чакырууну чечкен.
Марсель Исламкулов ден соолугуна байланыштуу ноябрь айындагы машыгуу сборуна катыша албайт.