Токтогул районунда өрт кырсыгы катталып, 4 батир күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 15-декабрда 02:55 чамасында чыккан. Анын кесепетинен эки кабаттуу үйдүн 120 чарчы метр аянты күйгөн. Тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Жабыркагандар жок. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.