Биржан Байбол: "Элдин суранычы боюнча экинчи жолу концерт бердим" (репортаж)

8-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Биржан Байболдун жеке концерти болуп өттү. Кечеде ырчы мырзанын Казакстандан туугандары, жакындары келип каалоо-тилектерин айтышты. Адаттагыдай залдагы колдоочулардын басымдуу бөлүгүн апалар ээледи.

"Концерт аябай сонун өттү. Ар дайым колдоп келгениңиздерге чоң рахмат! Концертке Казакстандан жакындарым, бир топ күйөрмандарым келишти.

Элдин суранычы боюнча экинчи жолу концерт бердим" дейт Биржан.

Белгилей кетсек, ырчы мырза кыргыз элине "Кара кыз", "Жеңелер" жана ырчы Нурайым Акылбекова экөөнүн дуэт ырлары аркылуу таанылган.

Биржан Байболдун концертинен репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан