Кыргыздын сыймыктуу кызы Мээрим Жуманазарова 24 жашка чыкты. Анын жетишкендиктери

Беделдүү эл аралык мелдештерде кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет.

Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган. 2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет.

Жетишкендиктери

2014-жылы Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло медалды тагынган. 2017-жылы Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль, Дүйнө биринчилигинде коло медаль. Жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль алган. 2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль; Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль; Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль алган. 2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда алтын, 2021-жылы Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло, Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

Быйылкы жылы Мээрим Египеттин Александрия шаарында өткөн рейттингдик турнирде коло байге тагынган. Апрель айында Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль үчүн беттеште, жаракат алганына байланыштуу күрөштүү уланта алган эмес.

Белградда болгон дүйнө биринчилигинде чейрек финалга чейин жетип, тилеке каршы, колунан алган жаракатынан улам турнирден четтеп калган. Кытайда өткөн Азия оюндарына катыша алган эмес.

Бул жылы кыргыз элинин сыймыгы болгон спортчубуз үчүн анчейин ийгиликтүү болбосо дагы, алдыңкы убакта жалпы кыргыз журтчулугун кубандырарына ишенебиз.

9-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан