Эксперт чылым чегүү жөнүндө: "Тыюу – арга эмес. Көз карандылыкты дарылоо зарыл"

Эми дүйнө картасында башка өлкөлөрдүн мисалында чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын изилдей баштаган дагы бир мамлекет бар – бул темадагы илимий эмгекти Меккедеги Умм аль-Кура университети чыгарды. Араб мамлекеттери кандай жыйынтыкка келди жана жаӊы изилдөө тууралуу Кыргызстанда эмне деп ойлошот?

Меккедеги (Сауд Арабия) Умм аль-Кура университетинин окумуштуусу, доктор Ахмед Ашур мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде кадимки тамеки менен вейпингдин таасирин салыштырган. Салттуу чылым чегүүдө курамына 4800 жакын химиялык бирикмени, чайырды жана уулуу заттарды камтыган тамеки түтүнү эӊ көп коркунуч алып келерин изилдөөчү өз серебинде жазган. Ушул зыяндуу компоненттер ден соолукка терс таасирин тийгизет, натыйжада инфекциялык эмес оорулардын саны өсөт (ИЭО): рак, инсульт жана өпкөнүн өнөкөт обструкция оорулары пайда болот. Ал эми түтүнсүз альтернативалар ушул тобокелдикти төмөндөтөт, себеби анда күйүү процесси болбойт.

Кесиптештеринин илимий корутундуларына таянган араб окумуштуусу, вейпинг, никотин көз карандылыгын дарылоодо натыйжалуу ыкма болуп калышы мүмкүндүгүнө көӊүл бурат. Ал азыраак көз карандылык жарата жана кадимки тамекиге каалоону азайтат, ошентип чылым чегүүнү таштагандардын пайызын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Соӊунда Доктор Ашур, электрондук сигареттердин тамеки тартууга каршы күрөшүүдөгү узак мөөнөттүү таасирине мурдагыдай эле далилдер жетишсиз экенин, кошумча илимий изилдөөлөр керектигин белгилейт.

Тобокелдиги азайтылган өнүмдөр изилдөө предмети катары окумуштуулардын көӊүлүн көбүрөөк буруп келет. Зыянды азайтуу концепциясын колдогон Улуу Британия, Швеция, Япония, Жаӊы Зеландия, АКШ мамлекеттеринин мисалында башка өлкөлөр да бул маселеге тереӊ карай баштады. Мисалы мурда айтылып өткөндөй, араб дүйнөсүндө кальян чегүү маданияты кеӊири таралганганына карабай, тамекини күйгүзүүнүн кооптуулугу жөнүндө ойлонуп, зыяны азыраак альтернатива түрлөрүн карай башташты. Анткени быкшыган көмүрдөн бөлүнгөн жыттуу түтүндө 80 чакты ар кандай уулар, анын ичинде, мышьяк, кобальт жана коргошун камтыларын тастыктаган илимий эмгектер көп, ал эми бир сааттык чылым чегүү сеансында адам 1 даана тамеки чеккенге караганда 100-200 эсе көп түтүн жана 9 эсе көбүрөөк көмүр кычкыл газын дем алат.

«Биздин жакштар да кальянга көп кызыгат. Тыюу салууларга карабай кафелерде, же ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн ижарага алынган үйлөрдө чегишет, - дейт Бишкек эл аралык медициналык институттун ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Альфия Самигуллина. – Эгерде салттуу тамеки өнүмдөрүн керектөө жөнүндө айтсак, анда Кыргызстанда калктын 25 жаштан 64 жашка чейинки 26% жакын бөлүгү чылым чеккендер болуп саналат. Ошол эле учурда таптакыр сигарет сатууга болбой турган өспүрүмдөрдүн арасындагы чылым чеккендердин саны 2,4% түзөт».

2022-жылы профессор Самигуллинанын демилгеси боюнча мединституттун базасында Бишкектин жогорку окуу жайларынын окуучулары арасында тамеки чегүүнүн таралышына изилдөө жүргүзүлгөн. Алынган сандар эч болбоду дегенде кооптонуу жаратууга жана мындай зыяндуу адатты жоюу боюнча тыюулардан жана башка салттуу чаралардан айырмаланган иш-аракеттерге түрткү берүүгө тийиш. Айта кетсек чылым чеккен студенттердин дээрлик 20% чылым чегүү стажы беш жылдан ашат. Сурамжылоого катышкан жаштардын теӊинен көбү кадимки сигарет, ал эми 25% - кальян чегет.

«Жалпы алганда Кыргызстанда чылым чегүү азайган тенденция дээрлик жок. Натыйжада ушул зыяндуу адатка байланышкан инфекциялык эмес оорулардын таралышы өсүп жатат, алар республикада жыл сайын оорулардан улам болуп жаткан өлүм учурларынын 80% себеби болуп саналат», - деп Альфия Самигуллина кейиштүү сандарды келтирет.

Ал мындай кырдаалды өзгөртүүгө болот деп ишенет. Өлкөдөгү жогорку оору жана өлүм көрсөткүчтөрү эмнеге байланыштуу экенин, ИЭО менен ооруган бейтаптарды дарылоого мамлекет канча каражат сарптап жатканын жана никотин көз карандылыгына каршы күрөшкө зыянды азайтуу концепциясына негизделген жаӊы ыкмалар керектигин түшүнүп калышты.

«Мурда анын оппоненттери клиникалык изилдөөлөрдүн жоктугун шылтоо кылышчу, баары далилденген эмес, зыян дешчү. Бирок бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө түтүнсүз чылым чегүү альтернативасын ден соолук үчүн тобокелдикти төмөндөтүүнүн жана сигареттен баш тартуунүн бир ыкмасы катары караштырган 100 жакын илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ушул фактыларга таянып, аргумент келтирилген диалог жүргүзүүгө болот. Биздин милдет – калкка анык маалымат берүү. Күйүү – зыяндуу процесс жана аны колдонбосо зыян азыраак болот. Эч ким электрондук сигареттер жакшы деп айтпайт. Бирок эгерде чылым чегүүчүдө көз карандылык пайда болсо, эч кандай тыюу тамекини таштата албайт. Башка көз карандылык сыяктуу эле аны дарылоо керек», - дейт медицина илимдеринин доктору.

Адистин пикири боюнча, Европанын жана араб дүйнөсүнүн артынан баары жаӊы багытка активдүү кызыга баштаганы жакшы белги. Сыягы постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрү дагы ушул тренддин артынан ээрчип, аны өздөштүрүү акыркы 5-10 жылга караганда алда канча тез жүрүшү мүмкүн. Анткени негизги инфекциялык эмес оорулардын жүгүн жана саламаттыкты сактоо системасына басымды азайтуу менен миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуунун мындан башка натыйжалуу жолун илим азырынча ойлоп таба элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан