Ырчы Бакыт Мамаевдин операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда анын жээни Нуркыз Рыскул кызы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, операция 1 саат 15 мүнөттө жасалган.
"Операция туура 1 саат 15 мүнөт жасалды. Ийгиликтүү болду. Рахмат баарыңыздарга. Азырынча ойгоно элек",-деп билдирди Нуркыз Рыскул кызы.
Эске салсак, буга чейин белгилүү обончу жана аткаруучу Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада жатып, анын операциясына акча чогултулуп жаткандыгы белгилүү болгон.
Ошондой эле бүгүн, 9-ноябрда анын операциясына керектелүүчү акча чогултуу токтотулганын анын жээни социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.