UFC: Орусиялык мушкер беттешке өлкө үчүн эмес, акча үчүн чыгып жатканын айтты

Орусиялык белгилүү мушкер, UFC уюмунун жеңил салмак категориясында күч сынашып жаткан Вячеслав Борщев азербайжандык Назим Садихов менен боло турган беттешине өз өлкөсүнүн желегисиз чыга турганын билдирди.

"Мен орусмун, андан уялбайм, өзүмдүн маданиятымды сүйөм, бирок ары-бери чуркап, кыйкыра берүү деле келесоолук. Профессионал болгондон кийин эч качан желек менен чыккан эмесмин, себебин түшүндүрөйүнчү. Мен улуттук курамада жүргөндө Орусиянын желегин көтөрүп чыкканым мен үчүн чоң сыймык болчу. Азыр мен акча үчүн беттешип жатам. Мен орустардын өкүлүмүн, бирок алар үчүн беттешпейм. Мен эки жүздүү болгум келбейт - мен акча үчүн беттешем. Алар мага акча төлөбөй коюшса, мен урушканды токтотом", - деген мушкер "Ушатайка" YouTube каналына берген маегинде.

2022-жылдын жазында UFC уюмундагы беттештерде желекти көтөрүп чыгууга тыюу салынган. Бирок октябрь айында UFC уюмунун башчысы Дана Уайт мушкерлерге өз өлкөсүнүн желеги менен чыгууга уруксат берген.

Эске сала кетсек, Борщев менен Садиховдун беттеши "UFC 295" турниринин алкагында 12-ноябрда Нью-Йоркто өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан