2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында ата-мекендик "Абдыш-Атаэ клубу тажикстандык "Равшан" ФКсы менен оюнда кез келди.
Беттеш бүгүн, 9-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Эсеп 1:0, оюн канддык "Абдыш-Ата" клубунун жеңиши менен аяктады.
Ошентип, "Абдыш-Ата" "Е" тайпасынын ичиндеги лидерлигин сактап, төртүнчү турдан кийин өздөрүнө 10 упайды камсыздады.
Тайпа ичиндеги дагы бир "Алтын-Асыр" - "Мерв" ортосундагы оюн бүгүн Бишкек сааты боюнча 20:00дө башталды.