Бишкекте жол кырсыгынан мектеп окуучусу жабыркады. Бул туурасында бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 15-декабрда катталган. Анда Фольксваген Пассат унаасынын 61 жаштагы айдоочусу Шабдан баатыр жана Шоокум көчөсүнүн кесилишинен мектеп окуучусун койдуруп кеткен. Анын кесепетинен 11 жаштагы окуучу денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген.