Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарын өткөрүү жана ага даярдык көрүү үчүн Куала-Лумпур шаарына келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 16-ноябрда Малайзия менен ойнойт.
Ал эми 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасын кабыл алат.
Белгилей кетсек, Бишкекте өтө турган оюнга билеттер учурда арзандатуу менен сатылып жатат.