“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы жарык көрдү

“Эгемендүүлүк” аталышындагы даректүү тасма жарык көрдү. Бул тууралуу даректүү тасманын сценаристтеринин бири Майсалбек Курбаналиев билдирди.

Тасма GM Entertainment компаниясынын базасында өндүрүлүп чыгарылган.

“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндү чагылдырган визуалдык баяндама. Тасма 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарында өткөрүлгөн масштабдуу маарекени мисалга алып, бардык түзүмдөрдүн жана жарандардын макулдашылган ишинин мыкты натыйжаларга жетишүүгө тийгизген таасирин изилдейт. Бул киноматографиялык долбоор ар бир адамдын маанилүүлүгүн жана алардын жалпы өнүгүүгө кошкон салымын көрсөтөт”, - дейт режиссёр Дубаев.

“Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы - Эгемендүүлүк күнүн эле эмес, коомдук кызматташуу, бир максатка умтулуу улуттун келечегин кандайча өзгөртө аларын баяндайт. Тасма 90 күндүн аралыгында Ош жана Бишкек шаарларында тартылган.

Тасманын режиссёру Каниет Дубаев, аткаруучу продюсери Калыс Майрамбек уулу, оператор-монтажёру Улукбек Бердалиев, графикалык дизайн монтажёру Мирлан Нурбеков, сценаристтер Майсалбек Курбаналиев, Адэль Козубаева.

Тасма GM Entertainment компаниясынын Ютуб каналына жүктөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан