Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
31-октябрда Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Айбек Жунушалиев мэр болгон.