Самбо: Кыргыз спортчусу Еревандагы Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

Самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Белек Бараканов Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.
Спортчу 64 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып жатат. Алгач 1/16 финалдык беттеште тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште америкалыкты жеңген. Чейрек финалдык беттеште италиялык спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште Монголиянын өкүлүн утуп финалга жолдомо алды.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште орусиялык спортчу менен күч сынашат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты бүгүн, 11-ноябрь күнү башталып 13-ноябрь күнү жыйынтыкталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан