Дүйнө чемпиондугу: Жамалбек Асылбек уулу Ереванда алтын медаль утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Спортчу 88 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып, алгач 1/16 финалдык беттеште гондурастык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандык балбанды жеңген. Чейрек финалда беларустук спортчуну жеңип жарым финалдык беттеште армениялык балбанды утуп финалга жолдомо алган.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште казакстандык самбочуну жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан