Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 11-ноябрда Сауд Арабияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Эр-Рияд шаарында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы саммиттин маанилүүлүгүн айтып, Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.