Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү 8 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында атайын түзүлгөн ыкчам топ тарабынан экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү колго түшүрүлгөн. Аларды текшерүү учурунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун басылмалары табылган. Алар өз ишмердүүлүгүн өлкөнүн түштүк облустарында жүргүзүп келишкен. Кармалгандардын арасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча “Хизбут-Тахрир” уюмунун лидери С.Х. аттуу жаран да бар. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.