Тынар Курбаналиев 46 жашка чыкты. "Туулган күнүмдү агам өткөрүп берем деди" дейт ал

Бүгүн, 13-ноябрда кыргыз элине таанымал куудул, пародист Тынар Курбаналиев 46 жашын белгилөөдө. SUPER.KG порталы куудулду туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда туулган күнүн кечээ, 12-ноябрда достору, аяштары менен биргеликте өткөргөнүн айтты.

"11-ноябрда бир досумдун, аяшымдын туулган күнү болчу ошого кечээ, 12-ноябрда чогуу өткөрдүк. Учурда мен Жалал-Абадда иш сапарда жүрөм. Бишкектен бир агам атайын туулган күнүмдү өткөрүп бериш үчүн келе жатат. Агам менен өткөрөм. Үй-бүлөм Бишкекте болгондуктан алар менен чогуу боло албай калат экенмин", - деди куудул.

Тынар Курбаналиев 1977-жылы 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Талаа-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөдө жети бир туугандын эң кичүүсү.


Тынар чыгармачылыкка 1998-жылы аттанып, чоң сахнага 2000-жылы Рахман Разыков жетектеген "Бешилик" тобу менен чыккан.

13-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан