Футбол: Виктор Майер менен Эрбол Атабаев "Ак шумкарларга" кошулду

Футболчулар Виктор Майер менен Эрбол Атабаев Куала-Лумпурда жүргөн Кыргыз улуттук курама командасынын курамына кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

Эки футболчу учурда улуттук курама команда менен машыгуу өткөрүп баштады.

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 16-ноябрда Малайзия менен ойнойт.

Ал эми 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасын кабыл алат.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтө турган оюнга билеттер учурда арзандатуу менен сатылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан