Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев 23-декабрга чейин УКМКнын абагында калтырылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-ноябрда Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Бакчиевдин бөгөт чарасын сот 25-октябрда карап, 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында камоого алуу чечимин чыгарган.
"Экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.