"Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн эркек үйүнөн чыгарылат". Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 15-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечилердин бири депутат Динара Ашимова мыйзам долбоору аркылуу бир нече кодекстерге өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге юридикалык жардам көргөзүү жана зомбулук жасаган адамдын жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча түзөтүү программасынан өтүүсүн карайт.

Мыйзамдардын айрым жоболоруна жабыр тартуучуларды коргоо, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айрыкча үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктардын курмандыктарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам убактылуу үйдөн чыгуусу керектиги тууралуу жобо айрым депутаттардын суроосун жаратты. Ашимова адатта зомбулук көргөн аял балдарын алып төркүнүнө, курбуларына же кризистик борборлорго кеткен соң кайтып келген учурлары аз болорун белгилеп, мунун арты ажырашууларга алып келип жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан